Курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун сезондук көбөйүшүнө байланыштуу Бишкекте 25ке жакын бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24-kg.com сайтына билдирди.
Адистердин айтымында, Чүй облусунда 30га жакын бала бакча 10 күндүк карантинге жабылды.
Андан тышкары, Оштогу беш мектеп толугу менен онлайн окутууга, ал эми алты мектептин айрым класстары аралыктан окутууга өттү. Буга чейин Баткендеги айрым билим берүү мекемелериндеги кээ бир класстар да онлайн окутууга өткөнү кабарланган.
«Бул аймактарда калктын жыштыгы жогору жана адамдардын топтору көп. Албетте, балдар бала бакчаларга жана мектептерге барып, курдаштарына жугузуп алышы мүмкүн. Республиканын калган бөлүгүндө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу», — деп түшүндүрдү департамент.
Эскерте кетсек, борбор калаадагы мектептер 25-ноябрдан бери Орусия президентинин Кыргызстанга болгон сапарына, ЖККУ саммитине жана парламенттик шайлоого байланыштуу онлайн режиминде иштеп жатышат. Окуучулар 2-декабрда кадимки сабактарга кайтып келишет.
24-30-ноябрь күндөрү өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнү кабарланган. Анда 13 миң учур катталган. Бардык жуктуруп алгандардын дээрлик 70 пайызы 14 жашка чейинки балдар болгон, алардын 40 пайыздан ашыгы төрт жашка чейинкилер.


