16:09
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.12

Кышкы каникул: Биринчи класстын окуучулары узартылган каникулга чыгышат

Мектептердеги кышкы каникул 12 календардык күнгө созулат: 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 11-январына чейин болот. Балдар 12-январда мектепке кайтып келишет.

Бекитилген негизги окуу планына (БУП) ылайык, 12 жылдык мектептин биринчи классындагы алты жаштагы балдардын каникулу кошумча эки жумага узартылат: ушул жылдын 24-декабрынан кийинки жылдын 18-январына чейин болот.

Билим берүү министрлиги бекитилген негизги окуу планын өзгөрүүсүз калаарын белгиледи.

Эскерте кетсек, биринчи класстагы сабактар ​​балдардын жашын эске алуу менен 35 мүнөткө созулат.

Эң көп окулган жаңылыктар