16:06
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.12

Жогорку Кеңеш −2025: Эң улуусу 69, эң жашы 25 жашта

Кыргыстан парламентине шайланган 90 талапкердин алдын ала тизмесине ылайык, эң улуусу депутат Гүлай Машрапова болот.

Ал 1956-жылы 10-октябрда туулган жана 69 жашта. Туулган жери: Ош облусунун Кара-Суу районунун Большевик айылы.

Ал Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына пенсионер катары арызын берген. Ал мурда Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин регламентинин 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык, парламенттин биринчи сессиясын эң улуусу шайланган депутат ачат. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы шайланганга чейин төрагалык кылуучу болуп иштейт.

Парламенттин эң жаш депутаты — Бекмырза Чолпонбай уулу. Ал 2000-жылдын 17-июлунда туулган, учурда 25 жашта. Анын акыркы кызматы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында адис болуп иштеген.

Эске салсак, Кыргызстанда 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Шайлоочулардын тизмесинде жалпысынан 4 294 243 жаран болгон. Өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылды.

Шайлоонун жыйынтыктары 14-декабрга чейин эсептелип, расмий түрдө жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар