16:09
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.12

Караколдо кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы Караколдо өттү. Ушул эле аталыштагы лыжа базасы өзүнүн ачылышын жана конокторду тосуп алууга даярдыгын жарыялады.

Аземге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туризм тармагынын өкүлдөрү, тургундар жана коноктор катышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курортто нөөмөттө турушат. Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын туристтик полициясы да кадимки режимде иштеп, коноктордун коопсуздугун көзөмөлдөйт.

Андан тышкары, аймак тейлөө сапатын жакшыртуу жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кошумча чараларды көрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар