Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, добуш берүү күнү тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Жарандар чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчиликти жана жигердүүлүктү көрсөтүштү.
ТИМдин штабы чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоолор үчүн 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылды. Убакыт алкактарынын айырмачылыгынан улам, добуш берүү ар кайсы убакта жабылды. 1-декабрда саат 10:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча) чет өлкөлөрдөгү бардык шайлоо участоктору расмий түрдө жабылды. Акыркы болуп АКШдагы беш шайлоо участогу жабылды: Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк жана Сан-Франциско.
Чет өлкөлөрдө добуш берген кыргызстандыктардын жалпы саны 26 066 болду (мурунку парламенттик шайлоодо, 2021-жылы 9 826 добуш берген).
Белгилей кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга 460 талапкер ат салышты.


