16:14
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

КРВИ сезону күчөдү: Бишкекте онго жакын бала бакча карантинге жабылды

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу бүгүн Бишкекте онго жакын бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24-kg.com маалымат агенттигине билдирди.

Адистердин айтымында, карантиндер балдардын катышуусуна жараша жергиликтүү деңгээлде киргизилип жатат жана он күнгө созулат.

Бала бакчаларды жабуу же окуучуларды онлайн окутууга которуу чечими курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам балдардын 20 пайыздан ашыгы сабакка келбей калган учурда кабыл алынат.

Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) күчөгөн мезгилде оорулардын алдын алуу максатында дарыгерлердин кеңеши:

  • эл көп топтолгон жерлерге мүмкүн болушунча барбоо;
  • КРВИ белгилери байкалса, үйдө болуу жана өз алдынча дарыланбай, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • медициналык бет кап тагынуу, аны ар 2–3 саат сайын алмаштыруу;
  • жеке гигиенаны сактоо жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
  • бөлмөлөрдү күнүнө 3–4 жолу желдетип, таза абанын кирүүсүн камсыз кылуу.

Дарыгерлер шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жалпы туруктуу экенин билдиришет. Ошол эле учурда абалдын мындан ары жакшырышы жарандардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешет.

Эң көп окулган жаңылыктар