17:58
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланат

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде коюлган мюзиклдин бет ачарына катышты.

Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Тынымбайулы Карин өзүнүн расмий кайрылуусунда эки мамлекеттин маданий кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин белгиледи.

Марат Иманкулов өз кезегинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз жана казак элдеринин руханий байланышын бекемдөөдө өзгөчө ролду ойной турганын баса белгилеп, Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын билдирди.

Ал ошондой эле Алматы шаарында «Жамийла» мюзиклинин коюлушу боордош эки элдин маданий биримдигинин дагы бир белгиси экенин ырастап, кыргыз чыгармачыл тобуна жана казакстандык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар