16:20
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

Гонконгдогу ири өрт. Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Гонконгдогу өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.

«Кытай Эл Республикасынын Гонконг Атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, Гонконгдогу Ван Фук Корт көп кабаттуу турак жай комплексинде ири өрт чыкты. Өрт Тай По районундагы имараттардын биринен башталып, бамбук каркастары аркылуу коңшу имараттарга тездик менен жайылып, акыры жети көп кабаттуу имаратты каптады.

Курман болгондордун саны 50дөн ашты. Дагы 279 адам дайынсыз жоголду. Жаракат алган жыйырма тогуз адам ооруканаларга жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар