Эртең, 28-ноябрда өлкө аймагында жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... −5, күндүз +13 ... +18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0 ... −2, күндүз +15 ... +17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +16 ... +18 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1 ... −3, күндүз +6 ... +8;
Нарын аймагында түнкүсүн −11 ... −13, күндүз +5 ... +7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +0 ... −2, күндүз 14 ... +16 градуска жетет.


