Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарында өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Фото Президенттин басма сөз кызматы. ЖККУнун Бишкектеги саммити: Президенттер 15 документке кол коюшту. Тизме
Уюмга мүчө-мамлекеттердин — Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026—2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК билдирүүcү;
- «Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун башкы катчысы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026—2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн» медалы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата Бюджетинин аткарылышы боюнча отчет тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими;
- «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата бюджети тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими.


