04:45
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

ЖККУнун Бишкек саммити: Президенттер 15 документке кол коюшту. Тизме

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Бишкек шаарында өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. ЖККУнун Бишкектеги саммити: Президенттер 15 документке кол коюшту. Тизме

Уюмга мүчө-мамлекеттердин — Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026—2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК билдирүүcү;
  • «Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун башкы катчысы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026—2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн» медалы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата Бюджетинин аткарылышы боюнча отчет тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими;
  • «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата бюджети тууралуу» ЖККУ ЖКК чечими.
Эң көп окулган жаңылыктар