Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында ЖККУнун башкы катчысы болуп Таалатбек Масадыков бекитилди. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.
Ал белгилегендей, бул чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Таалатбек Масадыков эки жылдан бери ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келе жатат. Ал коопсуздук жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө бай тажрыйбага ээ. Уюм анын жетекчилиги аркасында динамикалуу өнүгөт деп эсептейм», — деди ал.
Белгилей кетсек, Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун жана Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ. Ошондой эле Лондон экономика жана саясат мектебинде окуган. Ал 12 жылдан ашык убакыт БУУ системасында эмгектенген.
2021-жылы Кыргызстандагы Коопсуздук кеңешинин орун басары, кийин президенттин атайын өкүлү болуп, 2024-жылдын январь айында ЖККУнун баш катчысынын орун басары болгон.


