Борбор калаада ЖККУнун саммитинин пленардык жыйыны өтүп жатат, анда Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын жыйынтыктары чыгарылды.
Жалпысынан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2025-жылга пландалган иш-чаралары ийгиликтүү аткарылгандыгын президент Садыр Жапаров билдирди. Ал сессиялар аралык мезгилдеги негизги жетишкендиктерди, тышкы саясатты координациялоону күчөтүүдөн тартып, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чейин санап өттү.
Анын айтымында, ондогон машыгуулар өткөрүлдү, анын ичинде Кыргызстандагы «Рубеж-2025», Беларустагы «Эшелон-2025» жана Тажикстандагы «Бузулбас бир туугандык-2025» машыгуулары мүчө мамлекеттердин күчтөрүнүн координациясын жакшыртты.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер белгиленди.
«Белгиленген тартипке ылайык, ЖККУга кийинки жылга төрагалык кылуу Россияга өтөт. Ушуга байланыштуу мен сөздү Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинге берем. Россиянын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна төрагалык кылуу мезгилиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берет», — деди президент.
Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Владимир Путин Орусиянын 2026-жылдагы төрагалыгы «Көп полярдуу дүйнөдө жамааттык коопсуздук. Жалпы максат — биргелешкен жоопкерчилик» деген ураан астында өтөрүн жарыялады.
Ал Москва жаштар арасында радикалдуу идеялардын жайылышына каршы турууга өзгөчө көңүл буруп, өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташууну көздөп жатканын баса белгиледи. Бул Орусиянын алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер ЖККУнун келерки жылга карата иш багыттары боюнча макулдашышты. Жамааттык коопсуздук кеңешинин кийинки сессиясы 2026-жылдын 11-ноябрында Орусияда өтөт.


