02:00
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.11

ЖККУ жыйыны: Президенттер «Ала-Арчада» этномаданий программа менен таанышты

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн «Кыргыз айылы» этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар