17:31
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Тез жардам ооруканасына реабилитациялык жабдуулар берилди

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына заманбап реабилитациялык жабдуулар берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана H Robotics компаниясынын колдоосу менен гуманитардык жардам катары жеткирилген.

Rebless™ Planar — бул буттун жогорку жагын калыбына келтирүү үчүн иштелип чыккан жана неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийин кыймыл функциясын жана күчүн калыбына келтирүү үчүн колдонулган роботтук система болуп саналат.

Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жаңы жабдуулар бейтаптардын заманбап реабилитациялык ыкмаларга жетүүсүн кеңейтет жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртат.

2024-жылы H Robotics компаниясы Кыргызстанга 20 даана Rebless™ аппаратын белекке берген. Бул аппараттар Улуттук медициналык жана балдар ден соолугу борборуна, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына, Улуттук ооруканага, Жалал-Абаддагы «Бакыт» аймак аралык реабилитациялык борборуна жана Ысык-Көл аймактык бириккен ооруканасына бөлүштүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар