13:20
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арасында мал аткезчилигине шектүүлөр кармалды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек арадан болжол менен бир чакырым аралыкта белгисиз 5 адам малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.

Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек арачылар тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүү аракет кылынган 67 баш ири мүйүздүү мал кармалды.

Мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алып келинди.

Эң көп окулган жаңылыктар