17:23
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

Мамлекеттик кызматкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганы эскертилди

Министрлер кабинети
Фото Министрлер кабинети. Мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганы эскертилди.

Мамлекеттик кызматкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоо дагы бир жолу эскертилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Үгүт кампаниясы аягына чыгып баратат. Ошого карабастан, эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алуу учурлары да болду.

Ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди — эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок, эркин тандоого тийиш. Биз эч бир талапкерди колдобойбуз жана сүрөбөйбүз. Эл өзү татыктуу деп шайлап берген депутат менен иштейбиз. Урматтуу мекендештер, сиздерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, тандоо кылууда жаңылбай, жоопкерчиликтүү болууга чакырам",- деп жазды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-ноябрь, шейшемби