Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кеңештин кезектеги жыйынын Бишкек шаарында өткөрөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Иш-чара 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарында өтөт жана ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болот.
Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары — Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда.
2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт, бул уюмдун алкагындагы биргелешкен демилгелердин үзгүлтүксүздүгүн жана мындан аркы өнүгүшүн камсыз кылат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.


