14:52
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

«Нарын» аэропортуна баруучу жол асфальтталды

Нарын облусундагы Нарын-Оруктам автожолунун бир бөлүгүндө асфальт иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Нарын» аэропортуна барчу бул жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, эки тараптуу жасалды.

Азыркы тапта министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Титулдук тизменин эсебинен ишке ашкан жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар