10:17
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында бүгүн, 25-ноябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин убактылуу таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы жарыя таратты.

Ага ылайык, сууну өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

Баялинов көчөсү, Логвиненко көчөсү, Донской көчөсү жана Орозбеков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин.

Мындай чектөө Логвиненко көчөсүндөгү суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.

«Бишкексууканал» ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар