01:05
USD 87.45
EUR 100.93
RUB 1.10

Кыргызстан менен Улуу Британия кызматташууну бекемдеп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар