Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу үчүн акчалай жардам берилди. Бул тууралуу мэрдин отун жана энергетика боюнча орун басары Нургазы Курманбеков шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен 1427 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана эки уюмга 8,6 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Каражат толугу менен которулган.
Мурда көмүр менен камсыздоонун ордуна акчалай компенсация 6000 сом экени кабарланган. Жалгыз бой пенсионерлерге жана кам көрүүгө муктаж адамдарга күйүүчү май жеткирүү үчүн 700 сомдон 900 сомго чейин кошумча төлөмдөр берилет.


