Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ноокат районундагы Мирмахмудовский айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Г.Ш.М. кармады. Бул тууралуу мнекеменин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, ал «Дженго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалды.
Г.Ш.М. аффирленген адамдар аркылуу «Ноокат универсал базар» ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, аны уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшаганы аныкталды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, «Ноокат универсал базар» ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 чарчы метр аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Учурда тергөө иштери уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.


