Каарманбек Байдавлетов жана Бүбүжан Арыкбаева саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты 24-kg.com агенттигине тастыктады.
2024-жылдын сентябрь айында бул кызматка дайындалган Каарманбек Байдавлетов башка кызматка которулуп жатканы белгиленди.
Бүбүжан Арыкбаева 2022-жылдын июнь айында дайындалган. Ал ошондой эле Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери болуп иштеген.
Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басарлары азырынча дайындала элек.


