21-24-ноябрда Бишкекте Индия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кино күндөрү Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен Индиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.
Ачылыш аземи бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз улуттук драма театрында саат 18:00дө башталат.
Анда болливуд бийлери тартууланып, саат 19:00дө Аамир Хан башкы ролду ойногон «Дангал» («Балбан») тасмасы көрсөтүлөт.
Ошондой эле 22-24-ноябрда үч күн бою «Ала Тоо» кинотеатрында Индиянын үч белгилүү тасмасы көрсөтүлөт:
- 22-ноябрь: «Уурдалбаган колукту» тасмасы, башталышы саат 14:00;
- 23-ноябрь: «Инглиш Винглиш» тасмасы, башталышы саат 14:00;
- 24-ноябрь: «Жашоо кызыксыз болушу мүмкүн эмес» тасмасы, башталышы саат 14:00.


