11:25
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Ислам тилектештик оюндары. Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип алды

Сауд Арабиясында өткөн Ислам тилектештик оюндарында күрөш боюнча кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин сайтында кабарланды.

76 килограмм салмактагылар арасында ал алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы нокаут менен жеңип, жарым финалда түркиялык Элмира Ясинди жеңди. Финалда кыргызстандык атаандашы Нигериядан келген Дамола Ожону нокаут менен жеңди.

Мындан тышкары Абдумалик Карачов жана Мээрим Жуманазарова алтын медалдарды, ал эми Билол Шарип уулу коло медалды жеңип алышты.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар