02:41
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Адылбек Касымалиев АӨБ президенти менен экономика, жашыл энергетиканы талкуулады

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев АӨБ президенти менен экономика жана жашыл энергетиканы талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорго комплекстүү иштердин жүргүзүлүшү менен тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди.

«Орточо алганда, акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи 9,0%ды түздү, үстүбүздөгү жылдын башынан бери жогорку экономикалык активдүүлүк сакталып, 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10,0%ды түздү. Учурда Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштүн жогорку темптерин сактоо маанилүү, анткени биз 2030-жылга карата ИДПны жан башына жана ИДПнын көлөмүн 80%дан кем эмес көбөйтүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, индустриялаштыруу, региондук хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика сыяктуу төрт өнүктүрүү векторлору каралганы айтылып бул тармактарда эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо программасын ишке ашыруу, энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун күчөтүү сыяктуу тармактарында кызматташуу үчүн бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар