Германиянын курама командасы Словакияны жеңип, дүйнө чемпионатына жолдомо алды.
Лейпцигдеги беттеш Батыш Германиянын пайдасына 6:0 эсебинде аяктады. Сентябрь айында ушул сыяктуу беттеште немистер Словакияга 0:2 эсебинде утулуп калышкан.
Бул жолу немис командасынын алдыда экени биринчи таймдын башында аныкталды. Чабуулчу Ник Вольтемаде 18-мүнөттө эсепти ачты. Немистер биринчи таймдын аягына чейин дагы үч гол киргизишти.
Германия тандоо турниринин «А» тобунда биринчи орунду ээлеп, 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.
Эске салсак, Дүйнөлүк чемпионат 2026-жылдын июнь-июль айларында Түндүк Америкада өтөт.


