14:03
USD 87.45
EUR 101.48
RUB 1.08

Сауд Арабиясында автобус өрттөнүп, кырк эки зыяратчы каза болду

ndtv.com сайтынын маалыматы боюнча, Сауд Арабиясында автобус өрттөнүп, кырк эки зыяратчы каза болду.

Хайдарабаддан келген 42 индиялык зыяратчы жол кырсыгына кабылган автобуста күйүп кеткени кабарланган.

ndtv.com
Фото ndtv.com. Сауд Арабиясында автобус өрттөнүп, кырк эки зыяратчы каза болду

«Көптөгөн жүргүнчүлөр уктап жатышкан жана автобус күйүүчү май ташуучу унаа менен кагылышып, өрттөнүп кеткенде, алардын аман калуу мүмкүнчүлүгү аз болгон», — деп билдирет портал.

Жабыркагандардын арасында кеминде 11 аял жана 10 бала болгон. Кырсыктан бир гана адам аман калгандыгы айтылууда. Учурда жагдайлар такталып жатканы кошумчаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар