05:04
USD 87.45
EUR 101.48
RUB 1.08

2026-жылкы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионатына жолдомо алган 31-команда аныкталды

Португалия 2026-жылкы ФИФАнын Дүйнөлүк Кубогуна жолдомо алган 31-команда болду.

Акыркы тандоо беттешинде Португалия Арменияны 9:1 эсебинде жеңип, F тобундагы биринчи орунду ээледи.

2026-жылкы ФИФАнын Дүйнөлүк Кубогунун учурдагы курамы төмөнкүдөй:

Турнирди өткөргөн өлкөлөр: АКШ, Канада, Мексика;

АФК (Азия): Австралия, Иран, Япония, Иордания, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея, Өзбекстан;

АФК (Африка): Алжир, Египет, Кабо-Верде, Гана, Кот-д’Ивуар, Марокко, Сенегал, Түштүк Африка, Тунис;

КОНМЕБОЛ (Түштүк Америка): Аргентина, Бразилия, Колумбия, Эквадор, Парагвай, Уругвай;

КФО (Океания): Жаңы Зеландия;

УЕФА (Европа): Англия, Франция, Хорватия, Португалия.

Эң көп окулган жаңылыктар