12:53
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.08

Кыргызстандагы 191 мектеп директорунун кызматына сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Кыргызстан боюнча жалпы 191 бош кызмат орунуна сынак жарыяланды.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаары — 9,
  • Ош шаары — 3,
  • Чүй облусу — 26,
  • Нарын облусу — 11,
  • Ош облусу — 46,
  • Баткен облусу — 18,
  • Ысык-Көл облусу — 14,
  • Талас облусу — 6,
  • Жалал-Абад облусу — 58.

Арыздар 2025-жылдын 13-ноябрынан 26-ноябрына чейин кабыл алынат. Аларды аймакка жараша электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.

Эң көп окулган жаңылыктар