Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эт азыктарынын баасынын көтөрүлүшүн сынга алып, бааларды көзөмөлдөө боюнча министрлер кабинетинин токтому натыйжалуу аткарылбай жатканын билдирди. Ал бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, баанын өсүшүн көзөмөлдөгөн орган Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары, тагыраагы акимдер, мэрлер, облус башчылары да бул ишти көзөмөлдөөгө милдеттүү.
«Этти дүң баада 450–500 сомдон өткөрүп жатышат. Бирок, ортомчулар бааны эки эсеге чейин көтөрүп салышууда. Эгер 450 сомдон алып келсе, 550 сомдон сатса да жетиштүү. 1 килограмм этке 50 сом, ашып кетсе 100 сом кошсо болот. Бирок, баанын эки эсеге жогорулашы бул мыйзамсыз көрүнүш», — деп билдирди төрага
«Муну көзөмөлдөшү керек болгон мамлекеттик орган — Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары: акимдер, мэрлер, облус башчылары да бул ишти көзөмөлдөөгө милдеттүү эле. Бирок, тилекке каршы, алар өз милдеттерин так аткарбай коюшкан. Эми мындан ары баанын өсүшүнө жана милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдары жооп беришет. Эгер кайсы жерде эттин баасы 700 сомдон жогору болуп кетсе, ошол жердин акими, мэри же облус башчысы жооп берет» — деди Ташиев.


