18:04
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.08

Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн-өзү толук камсыздайт

Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн-өзү толук камсыздайт. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тоок эти квота боюнча импорттолот — 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок этинин импорттолуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Бул чечим эт рыногундагы баанын кескин өсүшүнө жана алып-сатарлык көрүнүштөргө жол бербөө, ички рыноктогу абалды турукташтыруу жана калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн эттин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынды.

Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, дүйнөлүк жана ички инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу бааны туруктуу кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

"Эт Кыргызстанда негизги азыктардын бири болуп саналат. Ошондуктан анын баасын туруктуу деңгээлде кармашыбыз керек. Учурда уй жана кой этинин баасы 600-700 сомдун тегерегинде. Бул деңгээлди сактап калууга аракет көрүлүүдө. Калктын аялуу катмары үчүн бул өтө маанилүү",- деди Чекирбаев.

Мындан тышкары, тирүү малдын экспорту токтотулуп, ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт сунушталышын камсыздоо чаралары да көрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар