Эрмек Казаков Кыргызстандын Социалдык фондунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган орун басарды Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев эмгек жамаатына тааныштырды.
Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Эрмек Казаков өзүнүн эмгек жолун Социалдык фонддун тутумунда баштап, көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында жетектөөчү адистен тартып башкармалыктын начальнигине чейин жеткен.


