01:49
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Кыргызстанда эт бааларын мамлекеттик жөнгө салуу 31-декабрга чейин узартылды

Кыргызстандагы эт бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баалардын андан ары өсүшүнө жол бербөө, чайкоочулук иш-аракеттердин алдын алуу, эт рыногун (уй эти жана козу эти, сөөксүз эттен тышкары) турукташтыруу жана калк үчүн бул социалдык жактан маанилүү продуктунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жасалды.

Иш-чаранын узартылышы ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын туруксуздугунун шартында жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик жөнгө салуу 11-августта 90 күнгө киргизилген.

Төмөнкү товарлар мамлекеттик жөнгө салууга жатат:

  • уй эти — эң көп дегенде 680 сом;
  • козу эти — эң көп дегенде 690 сом.
Эң көп окулган жаңылыктар
12-ноябрь, шаршемби