Чоң-Алай районундагы Карамык чек ара бикетинде Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн жаңы кызматтык турак жай комплексинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аземге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Заманбап кызматтык үй 1 жана 2 бөлмөлүү 18 батирден турат. Жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында комплекс аймагында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, көмүр кампасы бар казанкана жана трансформатордук көмөк чордон курулган. Мындан тышкары, суу сактагыч резервуарлар, анын ичинде өрт коопсуздугу үчүн сактагыч жана саркынды сууларды агызуу системасы каралган.
Батирлер чек арачыларга, ошондой эле башка укук коргоо түзүмдөрү менен өз ара аракет алкагында чек ара коопсуздугун жана аймакта тартипти камсыздоо маселелеринде ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн батирлердин бири ички иштер органынын — Чон-Алай районунун Карамык айылынын милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерине тапшырылды.
Бул чечим чек ара коопсуздугун жана аймактагы коомдук тартипти камсыз кылууда мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, белгиленген мөөнөттө — бир жарым жылда толук аяктады.


