Президенти Садыр Жапаров бүгүн жаштар форумунда жаш жарандарды алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш берүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорго тушташ өтүп жаткандыгына байланыштуу, бир-эки ооз сөз айтып коюуну туура көрүп турам. Өзүңөргө жакшы маалым, буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингддер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген.
Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, «карусель» уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу», — деди
Азыр эми андай болбойт, ага биз чекит койдук! Шайлоо тилкелеринин баарын электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турат. Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик. Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык. Эми шайлоочулар абийирин таза кармап, ар-намысына келиши зарыл. Өз добушун арзыбаган тыйынга сатып, кийин бармагын тиштеп жүрбөшү керек. Тилекке каршы, «Кой аксагы менен миң» дегендей, андайлар да чыгат. Бирок, жаштар, Кыргызстандын келечеги үчүн андай жолго барбашыңарды өтүнөм!
Акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын көрүп жатабыз. Жыйырма күндөн кийин, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланат.
«Шайлоого баруу — бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик! Ушуну унутпаңыздар. Бул ирет жаштар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына татыктуу депутаттардын келиши үчүн, дагы беш жылдык келечегибиз үчүн туура тандоо жасап, өз тагдырын өзү чечкен муун катары тарыхка кирет деп бекем ишенем», -деди ал.


