22:50
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

«Нарын — Орук-Там» жолу жазга чейин жабылды

«Нарын — Орук-Там» жолу жазга чейин жабылды. Тиешелүү буйрук Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чыгарылды.

Ага ылайык, Эки-Нарын айылынын жанындагы 50-чакырымдан Капчыгай аймагындагы 75-чакырымга чейин жол кыймылы жабылды. Жабылуу 2026-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот.

Мындай чечим алдыдагы кыш мезгилинде аба ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында кабыл алынды.

Ошондой эле Чет-Нура жана Дөбөлү айыл өкмөт башчыларына элге жолдун жабылышы тууралуу маалымат жеткирүү тапшырылды. Ал эми № 8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол каттамы ачылганга чейин атайын жол белгилерди орнотуу, жолдун кооптуу аймактарын көзөмөлгө алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо милдеттендирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар