22:55
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Бир жумада Кыргызстандын жолдорунда 300дөн ашык мас айдоочу кармалды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир жуманын ичинде Кыргызстанда 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, инспекторлор 3-ноябрдан 9-ноябрга чейин 23 654 эреже бузууну аныкташкан.

Анын ичинен:

  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 309;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 256;
  • Авто ээнбаштык −24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 387;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —10 694;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар