15:33
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Кыргызстандын 6500дөн ашык окумуштуусу бар

Кыргызстандын олуттуу илимий потенциалы бүгүнкү күндө бул чөйрөдө эмгектенип жаткан 82 илимий жана илимий-техникалык уюм, андагы 6,5 миңден ашык илимпоздор – илимдин докторлору, кандидаттары менен мүнөздөйт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Илим күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Анын айтымында, ата мекендик окумуштуулар илимий мекемелер жана университеттер негизделгенден бери олуттуу ийгиликтерге жетишти.

«Биздин окумуштуулар илимий уюмдар, жогорку окуу жайлары түзүлгөндөн бери көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Алардын илимий эмгектери калкыбыздын маданий, адабий мурастарын жана учурдагы чыгармаларды изилдөө аркылуу руханий дүйнөбүздү байытып жана жаңы дем берди. Медиктерибиздин кесипкөйлүгү, жасаган операциялары дүйнөлүк деңгээлге шайкеш келгенине, биздин окумуштуулар Айдын топурагын бургулоо үчүн атайын механизмдерди жасап, космосту изилдөөлөргө дагы чоң салым кошконуна сыймыктанабыз», — деди Касымалиев.

Ал соңку жаңы тарыхыбызда илимий изилдөөлөр арткы планга жылып, кыйын мезгилдер болгону баарыбызга белгилүү. Бирок акыркы жылдары экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болуп, мамлекеттин казынасы толуп, жүздөгөн ишканалар, социалдык инфраструктура объекттери курулуп, бюджеттик чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү. Экономикалык кырдаалдын жакшыруусу менен илимий коомчулукка да бир катар колдоолор көрсөтүлдү — илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүүдө, материалдык-техникалык базасы жакшыртылгандыгын белгиледи.

Ал азыркы мезгилде илимий изилдөөлөр көптөгөн актуалдуу багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Атап айтканда, алар 2035-жылга чейинки энергетиканын өнүгүүсү, мамлекеттик тил, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү, кайра иштетүү, токойлорду калыбына келтирүү, базальт буласы, климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялык иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана башкалар.

Мамлекеттик тапшырыкка ылайык сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзүү, археологиялык эстеликтерди изилдөө, айыл чарба жаныбарларынын генетикалык түзүлүшүн изилдөө, тоо-кен өнөр жайынын техногендик таштандыларын кайра иштетүү, Ысык-Көлдүн балык ресурстарын кайра өндүрүү, чарбалардын ɵндүрүштүк жана ресурстук потенциалын оптималдаштыруу, жогорку вольттогу фарфор керамикасын алуу, дарыя бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарына баа берүү боюнча иштер аткарылууда.

Азыркы мезгилде артыкчылыктуу багыттар катары Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз тили, айыл чарба жана биологиялык коопсуздук, жашыл экономика, саламаттык сактоо, климаттын өзгөрүшү, энергетика, постиндустриалдык өнүгүү жана санариптик трансформация белгиленген. Бир убакта индустриалдык-агрардык өлкө болуп, бирок индустриябыз оор соккуга, кыйроого туш болду эле, эми кайра жаралуу процесси болуп жатат. Ошону менен бирге санариптештирүү процесси жогору темп менен бара жатат жана бул иште биз кошуна өлкөлөргө үлгү көрсөтүүдөбүз. Ушул бардык багыттар боюнча, урматтуу окумуштуулар, сиздер орчундуу салым кошосуздар деген ишенимди билдирем.

Айрыкча маанилүү илимий багыт катары импорттун ордун толтуруу, экспортту арбытуу, экономикалык чалгынды уюштуруу боюнча экономикалык изилдөөлөрдү атап кетем. Анткени азыркы технологиянын шарттарындагы өндүрүштүн күч-кубатына биздин ички рынок тардык кыла турганы сиздерге белгилүү.

Ошону менен бирге колдонмо илим боюнча изилдөөлөрдү, биздин ишкерлердин керегине жарай турган стартаптарды көбөйтүү абдан маанилүү. Бул аркылуу илим менен бизнестин ортосунда конструктивдүү диалог жүрүп, ал ийгиликтүү, эң негизгиси кирешелүү жетишкендиктер менен коштолот деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, зор шыктанууну жана мекенибиз Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм! Кыргыз илиминин улуу мурасы келечектеги муундардын ийгиликтери үчүн бекем негиз болуп калсын!".

Эң көп окулган жаңылыктар