Министрлер кабинети камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу компанияларынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жаңы эрежелерди бекитти.
Эрежелерге ылайык, айрым камсыздандыруу тобокелдиктери боюнча максималдуу жоопкерчилик камсыздандыруучунун өздүк капиталынын 20 пайызынан ашпашы керек.
Мындан тышкары, минималдуу уставдык капиталдын талаптары көбөйтүлдү:
- камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу компаниялары үчүн — кеминде 150 миллион сом;
- кайра камсыздандыруу менен гана иштеген уюмдар үчүн — 300 миллион;
- эркин экономикалык зоналарда иштеген жана кайра камсыздандыруу менен алектенген фирмалар үчүн — кеминде 100 миллион;
- камсыздандыруу брокерлери үчүн — кеминде 1 миллион.
Уставдык капитал жалаң гана улуттук валютада түзүлүп, Кыргызстандын коммерциялык банктарында сакталышы керек.
Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.


