14:53
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 34 талапкерди каттоодон баш тартты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаттыгына 34 талапкерди каттоодон баш тартты.

Маалыматка ылайык, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендигине жана өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгүнө байланыштуу каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, сегизинчи чакырылыштагы парламенттин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-ноябрь, жума