12:49
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Айыл чарба министрлиги: Азык-түлүк рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда

Кыргыстандын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда деп билдирет. Учурдагы баа басымдарынын негизги себептери тышкы факторлор: дүйнөлүк рыноктордогу энерго ресурстардын жана азык-түлүктүн бааларынын өзгөрмөлүүлүгү, логистикалык көйгөйлөр жана глобалдык рыноктогу жогорку деңгээлдеги белгисиздик.

Баалар боюнча абал:

Социалдык маанидеги негизги товарлар — ун, нан, сүт, күрүч, кант, макарон азыктары, жумуртка — боюнча жыл башынан бери баа өсүшү катталган жок.

Өсүмдүк майына болгон баанын өсүшү импорттук чийки заттын кымбатташы менен байланыштуу. Бирок запастардын эсебинен тартыштык коркунучу жок. Жаңы түшүмдүн келиши менен баалардын турукташышы күтүлүүдө. Эт (уй, кой эти) боюнча дүйнөлүк баа тенденциясы ички рынокко да таасир берүүдө, учурда кабыл алынган чаралардын эсебинен өсүү темпи көзөмөлдө турат.

Өзүн-өзү камсыздоо — туруктуулуктун кепилдиги.

Ички өндүрүш негизги багыттар боюнча өлкөнүн муктаждыгын жапкан деңгээлде: картошка, жашылча жана бадыраң-дарбыз сыяктуу өсүмдүктөр, сүт, кант, эт, жумуртка. Бул тышкы шоктор болгондо да тартыштык тобокелин азайтат.

Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар:

  • Эт баасын турукташтыруу: КРС/МРС экспортун убактылуу токтотуу жана зарыл болгон жерлерде максаттуу жөнгө салуу.
  • Май запастары жана жеткирүүлөр: Запастар түзүлгөн; тартыштык күтүлбөйт.
  • Социалдык товарлардын мониторинги: Баалар жана запастар боюнча жума сайын көзөмөл жүргүзүлүп, өзгөрүүлөргө тез реакция кылуу.
  • Өндүрүүчүлөрдү колдоо: Дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөргө ички өндүрүштү көбөйтүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу боюнча чаралар.
  • Кошумча бааларды көзөмөлдөө: Негизсиз баа көтөрүүлөрдү жана адилетсиз соода ыкмаларын алдын алуу.
Эң көп окулган жаңылыктар