Милициянын полковниги Азенбек Козукеев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон.
Ал кызматтык ишинде жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, тартиптүүлүгүн жана натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.
Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык отурум болуп өткөн. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы абал талкууланып, отурумдун жыйынтыгы менен жетекчилик курамында кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынган.


