Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Сирия элине 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, гумжардам жеткирүү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдарынын жардамы менен уюштурулду.
Гуржардамдын курамында азык-түлүк товарлары, атап айтканда ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башкалар бар.
Өз кезегинде Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү президент Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана Сирия элинин атынан Кыргызстандын президентине жана элине ыраазычылык билдирип, «Сиздердин колдооңуздар азыр өзгөчө маанилүү жана Сирия эли Кыргызстандын демилгесин бир туугандык колдоо катары кабыл алат», — деп белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы көйгөйлүү маселелерди, аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.


