Элдик Курултайга делегаттарды өткөрүү, шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгы астында өттү. Катышуучулар IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча негизги маселелерди, ошондой эле аны жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган бир катар иш-чараларды талкуулашты.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жыйынды ачып, алдыдагы курултай коом менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ачык жана конструктивдүү диалог үчүн, ишенимди жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү натыйжалуу аянтча болууга тийиштигин белгиледи.
Президенттин администрация жетекчисинин орун басары — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев республика боюнча делегаттарды шайлоо процедуралары аяктаганын маалымдады.
Делегаттарды шайлоо республиканын 231 айылдык аймагында жана 33 шаарында өтүп, IV Элдик курултайдын өкүлчүлүктүү курамын түзүүдө маанилүү этап болуп калды. Анын жыйынтыгында өлкөнүн бардык аймактарынан келген жарандардын кеңири пикирин жана кызыкчылыктарын чагылдырган 700 делегат элдин атынан чыгып сүйлөөгө укук алышты.
Мындан тышкары, уюштуруу-техникалык даярдык маселелери, анын ичинде логистика, делегаттарды жайгаштыруу жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле бардык даярдык процесстерин натыйжалуу координациялоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү администрациялар менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына IV Элдик курултайды жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды беришти.


