16:04
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

Ашуулардагы абал айтылды. Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө калды

Бүгүн Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

«Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Ашуулардагы абал айтылды. Оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө калды

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар