Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы «Эндрюс» авиациялык базасына конду.
Президент Садыр Жапаровду АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилип, анын жоокерлери эки өлкөнүн тууларын кармап турушту. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «С5+1» форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.
Иш-чара «С5+1» диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.
Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.


