Бүгүн, 4-ноябрда Садыр Жапаров менен Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сисинин расмий жолугушуу аземи Каирдеги Аль-Иттихадия президенттик сарайында өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровду Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.
Саламдашуудан кийин Ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди.
Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду.
Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.


