Француз футболчу Дезире Дуэ 2025-жылдагы 21 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты оюнчусу деп табылды.
ПСЖнын чабуулчусу Дезире Дуэ абройлуу " Golden Boy-2025″ сыйлыгын жеңип алды.
Бул сыйлыкты жыл сайын Италиянын Tuttosport гезити 21 жашка чейинки Европанын эң мыкты жаш футболчусуна тапшырат.
Француз футболчусу 2024-жылдын жайында «Ренн» клубунан ПСЖга кошулуп, эң мыкты сезон өткөрдү.
2024/25-жылдагы Чемпиондор Лигасынын финалында «Интер Миланга» каршы ойногондо (5:0) Дуэ эки гол киргизип, бир голдук пас берип, «Беттештин мыкты оюнчусу» деп табылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул сыйлыкты оюнчунун карьерасында бир гана жолу утуп алууга болот, ошондуктан испаниялык чабуулчу талапкерлердин катарына кирген эмес.
«Golden Boy» деген эмне?
«Golden Boy» сыйлыгы 2003-жылы италиялык Tuttosport басылмасы тарабынан негизделген.
Ал Европанын алдыңкы лигаларында ойногон 21 жашка чейинки эң таланттуу жаш футболчуларга берилет. Жеңүүчүнү Европанын ар кайсы бурчунан келген журналисттер тандайт жана ар бир оюнчу карьерасында бир гана жолу жеңе алат.
Килиан Мбаппе, Эрлинг Холанд, Лео Месси, Серхио Агуэро, Сеск Фабрегас, Уэйн Руни жана башка көптөгөн адамдар сыйлыктын ээлеринин катарында болушкан.


